• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Украинада жүргөн Кыргызстандын жарандарынын арасында жабыркагандар жок

27 Бирдин айы 202217:00 Бишкек Govori.TV

Украинада жүргөн Кыргызстандын жарандарынын арасында каза болгондор жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Киевдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

“Кудайга шүгүр, биздин жарандардын арасында жоготуу же жараат алгандар жок. Учурда өзгөчө Киев, Харьков, Херсон, Сумы, Чернигов шаарларында кырдаал татаал жана кооптуу”, — деп жазган элчи.

Кадыркуловдун белгилөөсүндө, элчилик Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Украинадагы Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо үчүн башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жарандарды алып чыгып кетүү үчүн Польша, Словакия, Румыния жана Венгрия аркылуу коридор уюштурулган.

Количество просмотров: 182