• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын үч мамлекеттеги элчиси болуп дайындалды

10 Чын куран 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыркулов Идрис Анарбекович Киев шаарындагы резиденциясында ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Количество просмотров: 98