• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Элчилик: Кыргызстандыктар Орусияга аба каттамдары менен гана бара алышат

19 Чын куран 202219:00 Бишкек Govori.TV

Орусия азырынча Кыргызстандын жарандары үчүн казак-орус чек арасындагы чектөөлөрдү ала элек. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, автоунаа менен казак-орус чек арасындагы өткөрмө бекеттер аркылуу Орусиядан чыгып кетүүгө гана мүмкүн. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Орусияга аба каттамдары менен гана бара алышат.

Казакстандын бийлиги 11-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек араларындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер 2020-жылы жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган. Андан бери кыргызстандыктар коңшу өлкөгө учактар менен гана каттап келишкен.

Количество просмотров: 89