• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Элчилик өрттө жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

13 Бирдин айы 2022 14:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарынын Коммунарка кыштагындагы өрттөн жабыр тарткан беш кыргызстандык тууралуу 12-февралда маалымат таратты. Элчиликтин маалыматына караганда, 2021-жылдын 28-декабрында болгон кырсыкта 40 жаштагы жаран газга ууланып каза болгон. Дагы бирөө денеси күйүп ооруканага жаткырылган. Дагы үч жаран жабыркаган, алар ишин улантып жатышат.

«Жабыркаган жарандардан толук маалымат алуу жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, Орусиянын аймактык укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү органдарынын өкүлдөр менен жолугушкан. Тийиштүү кызматкерлердин берген маалыматына караганда, алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өрт жер астындагы кабелдерди тартуу жана изоляциялоо боюнча убактылуу жумуштар жасалып жаткан бөлмөдө жылытуучу радиаторунун жарылуусунан келип чыккан», — деп жазылган элчиликтин маалыматында.

Элчиликтин жардамы менен өрт кырсыгынан жабыркаган жарандардын айлык маянасы төлөнүп берилген. Кырсыкта каза болгон жарандын сөөгү иш берүүчүнүн эсебинен туулган жерине жиберилген.

Жараат алып ооруканада жаткан жаранды дарылоо жана ден соолугун калыбына келтирүү үчүн компенсацияны этап-этабы менен төлөп берүү жөнүндө макулдашууга жетишилгени маалыматта жазылган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 62