• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Элдик курултай» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

30 Жалган куран 202217:40 Бишкек Govori.TV

“Элдик курултай” жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда курултайдын укуктары, иштөө тартиби жана делегаттарды шайлоонун жол-жобосу жазылган. Долбоордо документ ушул жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн. Талкуу аяктаса апрель айынын ичинде Жогорку Кеңешке сунушталат деп күтүлүүдө.

Мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыкты. Ага ылайык, Элдик курултай мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча бийликке сунуштарды берет. Курултайдын мүчөлөрү президенттин кайрылуусун, спикер, премьер-министрдин баяндамаларын угат. Өлкө башчыга Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан алуу боюнча сунуш бере алат жана мыйзам долбоорун демилге кылуу укугуна да ээ деп белгиленген.

Количество просмотров: 17