• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Элдик Курултай өткөрүүнүн күн тартиби бекитилди

3 Жетинин айы 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы — Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында Уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйында уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилип, Элдик Курултайдын иш регламентинин жана эмблемасынын долбоорлору жактырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Уюштуруу комитети тарабынан 2022-жылдын 9-сентябрында берилген тапшырмага ылайык, Элдик Курултайды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги иш-чаралардын планын жана даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

Ага ылайык, Баткен облусунда — 275 жыйын, Жалал-Абад облусунда — 491, Ысык-Көл облусунда — 228, Нарын облусунда — 376, Талас облусунда — 138, Ош облсунда — 537, Чүй облусунда — 674, Бишкек шаары — 93, жалпы өлкөнүн аймагы боюнча 2839 жыйын өткөрүлгөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында өлкөнүн аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле чет өлкөдөгү миграттардын арасынан шайланган делегаттардын арасынан Элдик Курултайга катышуучу делегаттарга карата жергиликтүү курултайлар болуп өтөт.

«Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Мурдагыдай даярдалган дүжүр делегаттар болбойт.

Бийлик менен элдин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча берилген өзөктүү сунуштарды эске алуу менен мындан ары кадам таштоо», – деп баса белгиледи Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Ал белгилегендей, Биринчи Элдик Курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланат.

Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Элдик Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим Элдик Курултайдын төрагасы тарабынан мамлекеттин бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүүлүгү боюнча сунуштоо мүнөзүндө жиберилет.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин жыйынтыктоочу сөзү менен аяктайт.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгына ылайык, чакырылган Элдик Курултай курамы 1074 делегаттан турат.

Анын ичинде:

— административдик-аймактык бирдиктерден — 1036 делегат;

— чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 28 делегат;

— конфессиялык коомчулуктардан — 10 делегат.

Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:

— 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);

— облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

— Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90 делегат).

Биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгын кынтыксыз аткарылууга жатат жана иш-чаранын идеологиялык мааниси чоң экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары, аталган Элдик Курултайды жогорку деңгээлде уюштуруу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу анын маанисин жана максатын коомчулукка ачык-айкын объективдүү жеткирүү сунуштары колдоого алынды.

Жыйындын соңунда аталган иш-чараны уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмаларды берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын президентинин «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү белгиленген.

Количество просмотров: 187