Бишкек шаарында 6-сентябрдан тарта карызы бар 7,2 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, электр жарыгы үчүн карызы барлардын жарыгы акылдуу эсептегичтердин жардамы менен өчүрүлмөкчү.
«Түндүк электр» ишканасы карыздын жалпы суммасы 6,4 миллионго жеткенин айтып, шаардыктарды андан кутулууга чакырды.