• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Электр энергиясынын жаңы баасы кандайча эсептелген? Министрдин жообу…

22 Чын куран 2021 17:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйын учурунда Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясынын жаңы тарифтери кандайча эсептелгенин айтып берди.

Кубанычбек Турдубаевдин маалыматына ылайык, аз камсыз болгон жарандар үчүн 74,2 тыйын, алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 1 сом 4 тыйын, колунда бар жарандар үчүн 1 сом 48 тыйындык тарифти белгилөө сунушталды. Мындан тышкары, кышында, керектөө 1 миң киловатт-сааттан ашканда, 2,29 сомдук тариф колдонулат.

Өнөр жай ишканалары үчүн жаңы тариф 2,38 сомду, алтын өндүрүүчү компаниялар жана крипто-валюта үчүн 4,76 тыйынды түзөт. Электр энергиясы менен иштеген коомдук транспорт үчүн тариф 1,68 сом, насостук станциялар 1,48 сом болот.

Количество просмотров: 195