• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Электр станциялар» ААКтын башкы директору дайындалды

12 Үчтүн айы 2024 15:22 Бишкек Govori.TV

Таштан Коңурбаев «Электр станциялар» ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ишкананын директорлор кеңешинин чечимине ылайык дайындалган.

Компаниянын мурдагы башкы директору Осмон Качкынбаев бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.

Коңурбаев Таштан Дарманкулович 1969-жылы туулган, билими жогорку. Адистиги электр жабдуу боюнча инженер — электрик. Эмгек жолун Токтогул ГЭСтер каскадында 2-баскычтагы токарынан баштап, буга чейин 4-баскычтагы электрослесары, электр цехинин мастери, ремонттоо боюнча жетектөөчү инженер, Токтогул ГЭСнин электр цехинин башчысы, инженердин орун басары, Курпсай ГЭСнин башчысынын орун басары, «Электр станциялар» ААКтын Токтогул ГЭСнин башчысы, «Камбар-Ата» ГЭСнин башкы инженери, директору кызматтарында эмгектенип келген.

«Электр станциялар» ААК мамлекеттин 98% электр энергиясын, ошондой эле жылуулук электр энергиясын өндүргөн ири компания болуп саналат. Курамында 7 гидроэлектростанциялар, 2 Жылуулук электр борбору жана Бишкек жылуулук тармагы кирет.

Количество просмотров: 724