• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Электр тармактары ишканасынын кызматкери пара менен кармалды

18 Бирдин айы 202212:45 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. райондун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн негизсиз акт түзүшүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатышкандыктарын билдирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Р.А.Т. арыз ээси Н.С. аттуу жарандан опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Өзгөн райондук ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 484