• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров өлкөнүн энергетика тармагындагы маселелер боюнча комментарий берди

30 Тогуздун айы 202518:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын кайталап, өлкөнүн энергетика тармагынын карызы 25 млрд сомго чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

«2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын. Бирок, бул видеодогу сөздөрдү Нарын эли менен 2020-жылы ноябрда жолукканда айткам. Тактап койчу нерсе, кеп анда биз бийликке келгенге чейин өлкө боюнча, анын ичинде бийик тоолуу, кышы узакка созулган Нарын облусуна дагы 700 кВт деген чектөө кирип калган маселе боюнча болчу. Элдер “Ушул чектөөнү алып салсаңыздар, 700 кВт бат эле сарпталып, андан ашык жакканы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп, бул оорчулук келип жатат” деп кайрылышкан. Мен жооп катары, “Муну алса болот. Азыр эмес, жазга чейин чыдай тургула” деп айткам.

Бул убадабызга турдук. Кийинки 2021-жылы жаздан баштап Нарын эле эмес, жалпы эле өлкө боюнча бийик тоолуу оор шартта жашаган 190 миң абонентке эч кандай чектөөсүз 1 сомдук тариф киргиздик. Башкача айтканда мурдагыдай 700 кВт сааттан ашса 2 сом 16 тыйын деген норманы алып койдук. Ошондон бери 5-10 тыйындан кошулуп отуруп, азыр 1 сом 37 тыйынды түзөт. Эч кандай чектөө жок. Мындан сырткары азыр мамлекеттик колдоого муктаж болгондорго, оор шартта жашаган жөлөк пулга муктаж болгон жарандар үчүн «Үй-бүлөгө көмөк» тарифи 1 кВт саат үчүн 50 тыйын, башкача айтканда керектөөсү 700 кВт саатка чейин жеңилдик берилүүдө.

Кырдаал азыр беш жыл мурункуга салыштырсак кыйла жакшы. Туура айтасыз, 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 млрд сом же 1,5 млрд долларды түзгөн. Энергетика тармагындагы жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 млрд сом карызы калды. Муну дагы кийинки жылдын аягына чейин толук кутулуп, киреше алганга чыгабыз деп турушат. Болгону 5 жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик. Кышкы тартыштык боюнча Кара-Көл ГЭСинин ачылышында айттым. Эки жарым жылдан кийин башка өлкөлөрдөн электроэнергияны импорт кылып албай, өз керектөөлөрүбүздү өз күчүбүз менен жаап баштайбыз, кышкысын өчүрүү болбойт деп турабыз», — деген президент.

Количество просмотров: 240