Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун автору депутат Марлен Маматалиев.
Демилгенин максаты — электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.
Долбоордун маалыматтык негиздемесинде болжол менен Бишкек шаарында 30 миңдей самокат бар экени, саны күн сайын өсүп жатканы жазылган.
Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам алдындагы актыларды даярдоодо жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу менен байланышкан мамилелерди кылдат изилдөө жана аларда төмөнкүлөрдү караштыруу пландалууда:
— жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануучу адамдар атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал эми ал жок болгон учурда транспорт каражаттарынын кыймылынын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрө алат;
— жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланган адамдарды караңгы мезгилде жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же жетишердик эмес көрүнөөлүк шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол-транспорт кырсыгынын келип чыгуусун болтурбоо үчүн аларды жарык чагылдыруучу элементтери бар бардык зарыл предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;
— жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү пункттарынын менчик ээлери (жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер) жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, ошондой эле жеке мобилдүүлүк каражаттарын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
— эгерде жеке мобилдүүлүк каражатынын бузуктугу жол-транспорт кырсыгына себеп болсо, анда аларды жол кыймылынын катышуучулары тарабынан пайдалануунун кесепеттери үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол жеке мобилдүүлүк каражаттарынын менчик ээлерине жүктөлөт;
— жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жана жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгышын болтурбоо үчүн зарыл болгон башка иш-чаралар.