“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Элмира Ниязбекова.
Нарын шаарынан келген Элмира айым жарандык активист, блогер. Терс көрүнүштөргө оюн ачык билдирип, ыктыярчы катары коомдук иштерге активдүү катышып келет.
«Мындан ары аял затынын дагы лидер болуп, элге, жерге кызмат кылганын далилдегим келет»,-деди Ниязбекова.