Бүгүн төкмө акын, көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Акындын бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев сөз сүйлөдү. Ал инисин жоктоп, көзүнө жаш алды.
«Элмирбек иним акыры баары кетүүчү өлүмгө моюн сунуп кетип жатат. Элмирбегим бул жашоодо аз жашаса да, саз жашады. Элдин арасында, жоро жолдошторуңдун арасында дайыма элесиң эсте болот. Кош иним, жаткан жериң жайлуу болсун!»,-деп коштошту Айдарбек Иманалиев.