• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетиши боюнча үн катты

2 Бирдин айы 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева кызматтан кетүү тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасына жазды.

«Колдоо көрсөткөн жана жардам бергендердин баарына, ошондой эле жумушумду сындап, ал үчүн тынсыздангандарга ыраазычылык билдирем! Жогорку кызмат чоң жоопкерчиликти талап кылат. Оор мезгилде келдим. Убактылуу экендигин билгем. Алдын ала сүйлөшүлгөн. Буга нааразы эмесмин. Документ иштерин бүтүрүп, тынч жан дүйнөм менен жумуштан кетем»,-деп жазган ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Улукбек Марипов сунуштаган өкмөттүн жаңы түзүмү каралып жатат. Алардын арасында Эльвира Сурабалдиева көрүнбөйт.

Количество просмотров: 10173