• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

«Эмакомдун» мурдагы ээси кармалды

25 Аяк оона 202421:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык милициясы курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалганын 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга кайрылган жарандар курулуш компаниянын мурдагы ээси жана башкы директору Э.Ж. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Курулуш компаниясы үлүшчүлөргө жалпы 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

“Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары компаниянын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору 1991-жылы туулган Э.Ж. аттуу жаран шектүү катары кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп жазылган маалыматта.

Бишкек шаардык милициясынын шектүү тууралуу берген инициалы жана туулган жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусуповдун ысымына туура келет.

Количество просмотров: 66