• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эмдөөдөн өткөн министр Бейшеналиев коронавирус жугузуп алды

25 Кулжа 2021 9:50 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 инфекциясын жугузуп алды. Бул тууралуу министрликтен тастыкташты.

Ал эми министрдин айтымында, ПЧР тестинин жыйынтыгы оң чыккан. «Мен аконитти үчүнчү күндөн бери ичип жатам, бүгүн жеңилдеп калдым. Кечээ жаман болчумун, бүгүн сүйлөп калдым. Мен аралыктан иштейм», — деди министр.

Бир күн мурун, министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүүлөр берилди.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Количество просмотров: 1932