Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Чечейбаевди Саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Жыйында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Ашырбаев президенттин сунуштамасы боюнча маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо министри кызматына киришкенде көңүл системалуу коррупция менен күрөшүүгө, калкты дары-дармектер менен камсыз кылууга, республикадагы медициналык мекемелерди курууга жана жабдууга буруларын белгиледи.