• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эмгек министрлиги: Жарандарга акчалай жардам берилет деген маалымат жалган

9 Кулжа 202210:17 Бишкек Govori.TV

Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги министрлер кабинетинин сайтында жарандарга акчалай жардам берилет деген маалымат жалган экенин билдирди.

“Жарандар кошумча каржылык төлөмдөрдү ала турган жаңы мыйзам жөнүндө мессенджерлерде жана социалдык тармактарда таратылган маалыматтар туура эмес. Маалыматка министрлер кабинетинин расмий сайтына тиешеси жок жалган шилтеме тиркелет”, — деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандардан этият болууну жана расмий булактар аркылуу жайылтылган маалыматка гана көңүл бурууну суранат.

Количество просмотров: 91