Өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар
15 Теке 202512:15 Бишкек Govori.TV
2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуш берүүчүлөр тарабынан эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү.
Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында:
мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;
саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;
социалдык кызматкерлер – 23;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;
юристтер – 5;
экономисттер – 210;
психологдор – 26;
инженер – 38;
Жумушчу кесиптер боюнча – 5 282:
компьютердик адистер (оператор, программисттер ж.б) – 435;
айыл чарба тармагы – 159;
соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар ж.б) – 286;
тигүүчүлөр –471;
курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)
айдоочулар – 785;
кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары ж.б.);
ар тараптуу жумушчулар – 617.
Подписаться:
Количество просмотров: 105