• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Эмгек министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

14 Аяк оона 2023 12:38 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө негизсиз финансылык оорчулукту жаратуучу факторлорду жана шарттарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды төлөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар алынган.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 2021-2022-жылдарга карата Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүндө аудит жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жана тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 млн 52 миң 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн. Алар башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. экендиги такталган.

Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында күнөөлүүлөр КРнын кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Андан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган кызмат адамдары тарабынан Аламүдүн районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция райондук бөлүмүндө ушул сыяктуу социалдык төлөмдөрдү максатсыз ыйгарып алуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүү пландалууда.

Количество просмотров: 638