• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Эмгек министрлигине 11 млн сомдук IT жабдуулар тапшырылды

10 Баш оона 202217:31 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 11 млн сомдук IT жабдуулары берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому (GIZ) тарабынан «Ишке орноштурууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында берилген.

Министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, жабдуулар эмгек рыногунун маалыматтык тутумун кеңейтүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн региондук иш менен камсыз кылуу кызматтарына жөнөтүлөт.

«Министрлик жарандардын ар кандай категориялары үчүн окуу курстарын, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мониторингин камтыган санариптик платформаны иштеп чыгууда. Жаңы система эмгек рыногунун маалыматтык тутумунун функцияларын дагы кеңейтет. Системаны пилоттук түрүндө иштетүү үчүн 30 райондо жүргүзүлөт, алынган жабдуулар ишти натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берет», — деди министр.

 

Количество просмотров: 89