Орозбаева Айнура Джантаевна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин Орозбаева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген. Эмгек министри Равшанбек Сабиров жаңы орун басарын ведомствонун жамаатына тааныштырды.
Айнура Орозбаева бул кызматка Кыял Жанузакованын ордуна дайындалды.