• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

“Эмгек жана өспүрүм” аталышындагы рейд жүрдү

2 Бештин айы 202212:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда “Эмгек жана өспүрүм” аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө 21 бала мектепке барбай машина базарда иштеп жүргөндүгү аныкталып, мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлдү. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.

Белгилей кетсек, рейд Жалал-Абад шаардык милициясынын Балдар иштери боюнча инспекциясы, прокуратура, социалдык адистер тарабынан жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 191