Бишкекке ISUZU автобустарынын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымат боюнча, автобустардын 14ү борбор калаага келди. Тешелүү процедуралардан кийин коомдук транспорт каттамга чыгат.
Маалым болгондой, калган 54 автобус этап-этабы менен өлкөгө келет. Анын 17си учурда Шымкент шаарына жетип калды.