• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Эми кыргызстандыктар Сауд Аравияга электрондук виза менен бара алат

8 Баш оона 2023 8:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандыктар эми мындан ары Сауд Аравия Падышалыгына электрондук виза менен бара алат. Мындай жагымдуу жакшы жаңылык менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын маалыматына таянсак, Кыргызстандын жарандарынын Сауд Аравия Падышалыгына кирүү тартибин жөнөкөйлөтүү маселесин иштеп чыгуунун алкагында жана ошондой эле саудия тарабынан өткөрүлгөн ар кыл деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде, САП Кыргызстанды конок (электрондук) визасын колдоно ала турган чет өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.

Мында КРнын жарандары аталган өлкөгө конок визасы менен турист катары, умра сапары менен, ишкерлик аркылуу жана туугандарына же досторуна баруу максатында кире алышат. Конок визаны https://visa.visitsaudi.com/ онлайн порталына арыз таштоо менен же Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторуна конгон учурда алууга болот

Электрондук виза (eVisa) — бул бир жылга берилүүчү, 90 күнгө чейин өлкөдө жүрүү мүмкүнчүлүгүн берген бир нече жолку виза. Аны менен туризмге байланышкан иш-чараларга катышууга, үй-бүлө же туугандардыкына барууга, умра парзын аткарууга болот. Бирок, ажылык сапарын аткарууга, окуу, иштөө максатында колдонууга болбойт.

Визада көрсөтүлгөн өлкөдө жүрүү мөөнөтүнөн өткөрбөй Сауд Аравиясынан чыгып кетүү сунушталат. Мөөнөт өтүп кеткен учурда айып пул салынат.

Элчи Марипов кыргызстандыктардын аталган өлкөгө баруудан мурда өлкөдө жүрүү эрежелери жана шарттары менен кылдат таанышып чыгууну суранат.

Количество просмотров: 60