• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусияда 2 кыргызстандык жол кырсыгынан каза болду

22 Бугу 202514:30 Бишкек Govori.TV

Россиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чернышевск — Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунун натыйжасында 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу КР жарандары каза болгон.

Учурда Россиянын компетенттүү органдары тарабынан бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Ошону менен бирге региондогу кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда.

Количество просмотров: 273