• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эр-Рияддан атайын каттам менен 166 жаран келди

9 Жалган куран 20269:01 Бишкек Govori.TV

Катардын Доха шаарында круиздик лайнерден чыгарылган Кыргызстандын 166 жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Учак «Манас» эл аралык аэропортуна конду.

Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргыз жарандары коопсуз коридор аркылуу Сауд Аравияга автобустар менен жеткирилген. Андан соң кыргызстандыктар Эр-Рияд аркылуу атайын каттам менен Бишкекке алып келинди.

Министрликтен белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Жакынкы Чыгыштан жарандарды эвакуациялоо иш-чараларын уюштуруу улантылат.

Количество просмотров: 88