• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эми кыргызстандыктардын бардыгы Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат

9 Баш оона 202314:12 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 9-августунда № 185 “КР президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.

Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 162