КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынан Россия Федерациясынын чек арасын кесип өтүүдө Россиянын компетенттүү органдарынан алынган төмөнкү негизги эрежелерди жетекчиликке алууну өтүнөт:
Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү идентификациялык документтерди алдын ала даярдоо;
Россия Федерациясына кирүүдө мыйзамдуулугун аныктоого байланышкан жана белгилүү бир убакытты талап кылган кошумча текшерүү иш-чараларына даяр болуу;
Текшерүү жүргүзүү убагында сабырдуулукка, ошондой эле Россиянын чек ара жана башка компетенттүү органдарынын талаптарын аткарууга даяр болуу;
Текшерүү иш-чараларынан кийин чек ара органдары Россия Федерациясына киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн;
Россия Федерациясына чек ара аркылуу киргизүүдөн баш тарткан учурда жаранга мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон тиешелүү документ берилет;
Эл аралык келишимдерге ылайык, Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдар авиакомпаниянын жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет. Бул адамдар орто эсеп менен 1-3 күндүн ичинде кийинки рейс менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул мезгилде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылат;
Адаттан тышкары жагдайлар пайда болгон учурда жарандар Россиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук мекемелерине кайрылып, жардам сурап, зарыл болгон учурда котормочу чакырууну суранса болот. Шереметьево аэропортунда Россиянын нөөмөтчү консулунун номерлери 89162612384, Домодедово аэропортунда 89162612359, Внуково аэропортунда 89032118101;
Маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүктөрүнөн да алса болот (https://mfa.gov.kg/ru/dm/pkr-v-rf/menyu—inostrannoe/o-posolstve/konsulskiy -otdel/onsulskiy-otdel ).
Чет өлкөлүк жарандын Россия Федерациясына кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө чечим Россия Федерациясынын 1996-жылдын 15-августундагы № 114-ФЗ «Чек арадан чыгуунун тартиби жөнүндө» Федералдык Мыйзамынын 26 жана 27-беренелеринин жоболорунда аныкталган учурларда кабыл алынат.
Белгилей кетсек, Россия Федерациясына киргизүүгө тыюу салуу Россиянын Ички иштер министрлиги (https://mvd.rf/services-guvm) тарабынан да, Россиянын башка ыйгарым укуктуу органдары тарабынан да киргизилиши мүмкүн. Мындан тышкары, мындай чечимдер Россия Федерациясына кирүү стадиясында чет өлкөлүк жарандар тарабынан кандайдыр бир коркунуч аныкталган учурда Россия Федерациясына кирүүзүдөн баш тартышы мүмкүн.
Россия Федерациясынын чек арасы аркылуу өтүү пункттарында киргизилген күчөтүлгөн көзөмөл бардык чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. Бул жагдай «Крокус Сити Холдо» болгон теракттан кийин Россия Федерациясынын коопсуздугун камсыздоо жана терроризмге каршы коргоону камсыз кылууга багытталган.