• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ысык-Көлдө миграциялык мыйзамдарды бузган 36 адам аныкталды

4 Кулжа 202613:09 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 адам аныкталды.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2-3-июнда «Нелегал-ЖККУ-2026» эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Анын алкагында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди.

Анын жыйынтыгында өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ал эми мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлдү. Укук бузуучуларга карата мыйзамга ылайык айып пулдар салынды.

Учурда аларды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 20