• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эми улгайган ата-энесин бакпагандар жазаланат

2 Бештин айы 202420:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда улгайган ата-энесин карабагандарды жазалоо күчөтүлдү. Бул тууралуу мыйзамга бүгүн КР Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Бул мыйзам аркылуу КР Кылмыш-жаза, Жарандык жана Үй-бүлөлүк кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилет.

Мындан ары жашы жеткен, иштөөгө жөндөмдүү балдары сот чечими менен эмгекке жарамсыз, материалдык жардамга муктаж болгон, карыган ата-энесин багууга кесип берген төлөмдү төлөөдөн баш тартса, андай балдарга 100 миң сом айып салынып, түзөтүү иштерине тартылып же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Количество просмотров: 173