• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Эми жарандар фитир-садаканы терминал жана мобилдик банкин аркылуу бере алышат

21 Бугу 201910:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жарандарыбыз үчүн 2019-жылдагы фитир-садаканы берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен биргеликте иштеп чыкты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми жарандарыбыз фитир-садаканы, зекетти берүүдө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын РСК банктагы эсептик счетуна РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.

Эске салсак, садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай Мейиз Ун Арпа Курма
Орточо баа 21,87 сом 240 сом 25 сом 15 сом 150сом
Өлчөм 1,600 1, 600 1, 600 3, 200 3, 200
Жалпы
(Садака-фитирдин баасы) 35сом 384 сом 40 сом 48 сом 480сом


Количество просмотров: 23