Эколог, биология илимдеринин кандидаты, география илимдеринин доктору, профессор Эмил Шүкүров атындагы сыйлык уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда өткөн эковоркингде эколог-активист Влад Ушаков билдирди.

«Сыйлык уюштуруу идеясы мага, Ярослав Тартыковго жана Гамал Соронкуловго таандык. Өлкөнүн экологиясына кайдыгер карабаган адамдар үчүн аталган сыйлыкты уюштурууну демилгеледик»,-деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн экологдор, активисттер, журналисттер блогерлер жана экологиялык көйгөйлөргө кайдыгер карабаган адамдар чогулуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана ага туура кам көрүү багытында пикир алмашышты.
Саамалыктын алкагында экологиялык даректүү тасмалар көрсөтүлүп, Влад Ушаковдун «Кожожаш мезгили» аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.





