2023-жылдын 26-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Эмил Токтошев Калкты тейлөө борборлорунда (ЦОН) унаа токтотуучу жайдын жоктугун, кезек көп экендигин, кызматкерлердин жарандарга орой мамиле жасашын айтты.
Мындан сырткары аталган борбор коррупциялык иштерди алып барып жатканын сынга алды.