• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токтошев: «Президенттин чечкиндүү кадамдары башка чиновниктерге да эскертүү ишаараты болду деп ойлойм…»

6 Жалган куран 2023 23:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев президенттин эки министрди кызматтан алуусу тууралуу пикирин билдирип, мындай деп жазды:

«Кээ бир мурдунан алысты көрбөгөн, бюрократияга малынып калган чиновниктердин айынан эн биринчи эл кыйналат, экономика жабыр тартат, жалпы мамлекеттик өнүгүү, стратегия аксайт.

Бүгүнкү президентибиз Садыр Жапаровдун ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, мамлекеттик түзүлүшүнө шек келтирип, өнүгүүсүн артка тарткан чиновниктердин эң катуу жоопкерчилигин кароосу эн туура кадам болду.
Анткени жооптуу кызматта отургандар мамлекеттин тагдырына таасир этип, аны талкалоочулар же гүлдөтчүлөр да ошолор. Ошондуктан, алар да кол алдында иштеген кызматкерлерге талапты катуу коюп, ар кандай шалаакылыкка жол бербесе өздөрүнүн жүзү жарык болот, талапты да кое алышат, эл да кыйналбайт, экономикабыз да өсөт.

Президенттин бул чечкиндүү кадамдары башка чиновниктерге да эскертүү ишаараты болду деп ойлойм»,- деп жазды Токтошев.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 6-мартта президент Садыр Жапаров, Чүйдүн губернатору менен Сокулуктун акимин кызматтан алууну тапшырды.

Количество просмотров: 159