• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эмил Токтошев: «Коргоо министри кызматтан кетиши керек»

15 Аяк оона 2022 16:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жай айында Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнөн эле эки жоокер каза тапты. Жалпы жыл башынан бери төрт жоокер каза болду. Мындай жагдайлардан кийин аталган мекеменин министри Бактыбек Бекболотов, парламенттин тармактык комитетинин биргелешкен жыйынында маалымат берди. Анда Бекболотов билдиргендей аскерде чоңсунуу (дедовщина) жок экенин айтып, эки жоокердин өлүмүн турмуштук көйгөйлөрү менен байланыштырды.

Мындай жооп эл өкүлү Эмил Токтошевди канааттандырган жок. Ал аталган министрди отставкага кетирүү туура болот деп эсептейт.


Кошумчалай кетсек, Ушул жылдын 5-июлунда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, кокустуктан улам өзүн атып алып, көз жумганын айтышкан. 22 жаштагы Элдияр Жайлообековдун үй-бүлөсү кокустук тууралуу версияны четке кагып, жоокер кыйноого кабылышы мүмкүндүгүн айткан.


Арадан бир өтпөй бул окуя, башка аскердик бөлүктө кайталанып, 18-августта Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Сыргак Сабырбеков аттуу жоокер күзөттө турганда өзүн өзү атып каза болду деген маалымат айтылган. Маркумдун жакындары Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенишкен эмес.

Количество просмотров: 4439