• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге эстелик тургузулду

28 Бугу 202512:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелдин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар коштоп жүрүштү.

Аскер кызматкерлери эстеликтин жабуусун алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылды.

Мемориалга гүл коюудан кийин катышуучулар маркумдарды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Андан соң үч жолу ок атылды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар куран окушту.

Соңунда Президент Садыр Жапаров баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.

Количество просмотров: 189