• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эммануэль Макрон Садыр Жапаровду Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине чакырды

12 Теке 202422:55 Бишкек Govori.TV

Франциянын президенти менен Эл аралык Олимпиада комитетинин президентинин чакыруусу менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Парижде 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус Франциянын Улуттук күнүнө карата кечеде билдирди.

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус

«Алдыда келе жаткан бул чоң спорт майрамы ар бир адамга оор эл аралык жаңылыктарды бир аз болсода унутуп, олимпиадалык жана параолимпиадалык спортчулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берсин. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 16 кыргызстандык спортчу тандалып алынганына абдан кубанычтамын. Токиодо эки күмүш, бир коло медалдан кийин Кыргызстан бул жолу биринчи алтын медалды, жада калса бир эмес көп медалга ээ болушун каалайм», — деп айтты Делаус.

Садыр Жапаровдун бул сапары президент Макрон уюштурган «One planet polar» саммитке жана аны менен 2023-жылдын 10-ноябрында Елисей сарайында эки тараптуу жолугушууга катышкандан 8 ай өткөндөн кийин болот.

Бул Франция менен Кыргызстандын президенттеринин кыргыз-француз мамилелеринин тарыхындагы үчүнчү жолугушуусу. Элчинин айтымында экономикалык кызматташтыктын деңгээли жогорулады. Эки тараптуу соода өткөн жылы 200 миллион еврого жеткен, ошондо тарыхый рекордго жетип, быйыл да өсүүдө.

Количество просмотров: 197