Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш жарыяланды, деп билдирет 16-сентябрда президенттин администрациясынын басма сөз кызматы.
Эмне себептен сөгүш жарыяланганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
Бирок, этикалык нормалардын бузулушу себеп болгон, деп айтылууда, бул кызматтык тартипти сактабагандык катары бааланган.
Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Конституциянын 71-беренесине, президенттин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 «Саясий мамлекеттик кызматтар, атайын мамлекеттик кызматтар жана саясий муниципалдык кызматтар жөнүндө» жарлыгынын 2-пунктунун 8-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, этика нормаларын сактабагандыгынан көрүнгөн жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичке катуу сөгүш жарыяланды.
Токторбаев бул кызматка 2025-жылдын 23-январында дайындалган.