• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эмомали Рахмон: Афган маселеси биздин дайыма көңүлүбүздүн борборунда болушу керек

21 Теке 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Ооганстандагы кырдаал дайыма чөлкөмдүн көңүл борборунда болушу керек. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия лидерлеринин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Тажик президенти өз сөзүндө терроризм, экстремизм, маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу тыйыла электигине, диний экстремизм өсүп жатканына токтолду. Ал радикалдуу идеологияны жөнгө салуу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.

«Дүйнөдөгү кырдаал тез өзгөрүп жатат. Саясий оюнчулардын атаандаштыгы өсүүдө. Аны менен катар терроризм, экстремизм, баңгизатын жана курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү, кылмыштуулук  тыйыла элек. Бул процесстер Борбор Азияны да айланып өтпөйт. Акыркы окуялар Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү бузууну каалагандар бар экенин билдирет. Диний экстремизм өсүп жатат. Радикалдуу идеологияны жөнгө салуу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгуу керек. Мен ички коопсуздук жана чакырыктар жөнүндө дайыма маселе көтөрүп келем. Биз — диний радикализм эл аралык терроризмдин уктап жаткан ячейкаларын ойготорун унутпашыбыз керек. Тажикстан 30 жылдан бери ушундай чакырыктар менен күрөшүп келет. Ооганстандагы кырдаал дайыма  көңүл борборунда болушу шарт. Ал өлкөдөгү окуялар Борбор Азияга эле эмес, Евразия аймагынын геосаясий абалынын туруктуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн»,-деди ал.

Количество просмотров: 135