12-13-мартта Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик иш сапары менен келгендигине байланыштуу киргизилмекчи.
Төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:
ЖКККББ бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унааларды калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар менен зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Белгиленгендей, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.