• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эмомали Рахмон: мөңгүлөр ээрисе, Борбор Азияда суу тартыштыгы жаралат

6 Кулжа 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон суу-климат коалициясынын лидерлеринин 4-июнда өткөн жыйынында мөңгүлөрдүн ээриши Борбор Азия үчүн терс таасирин тийгизерин билдирди.

Рахмондун айтымында, суу ресурстары Тажикстандын өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт, ошол эле маалда дал ушул маанилүү ресурстар климаттын өзгөрүшүнөн жабыркоодо. Ошол эле маалда Тажикстан өндүрүшү өнүккөн өлкө эмес, республикада электр кубатынын 98 пайызы гидроэнергетиканын эсебинен өндүрүлөт.

Рахмон ондогон жылдар аралыгында Тажикстанда 1000ден ашуун мөңгү жок болгонун, натыйжада өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянтынын үчтөн бир бөлүгү кыскарганын айтты.

Тажикстан президенти эгер мөңгүлөр ээрий берсе, Борбор Азия суу тартыштыгына кептелерин белгиледи. Рахмондун айтымында, Тажикстан өлкөдөгү суу ресурстарынын 4 пайызын гана колдонот, калганы төмөндө жайгашкан өлкөлөргө кетет.

“Эгер алтымышынчы жылдары аймакта калктын жан башына жылына 8 миң метр куб суу кетсе, азыр бул көрсөткүч төрт эсеге жогорулады”, — деди Рахмон.

Борбор Азия чөлкөмүндө Тажикстан менен Кыргызстан суу башында жайгашкан. Бир нече жыл мурун төмөндөгү өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан суунун бөлүштүрүлүшүнө жана дарыялардын башына суу сактагычтарды курууга каршы чыккан.

Количество просмотров: 1434