GovoriTV маалымат агенттик «Ойлон» долбоордун алкагында подкастарды баштап жатат. “Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт.
Бүгүнкү подкасттын коногу медиаэксперт, медиа тармагындагы эл аралык сынактардын женүүчүсү Адиль Турдукулов.
Кыргызстандагы медиаландшафт азыр кандай өзгөрдү? Кыргызстанда көз карандысыз медианын абалы кандай? Негизи көз карандысыз медиа барбы? Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, андан соң Садыр Жапаров бийликтери тушунда медиалар кандай өзгөрүүлөргө туш болду, ушул темалар көтөрүлдү.
Андан тышкары, соңку жылдары көп медиа платформалар эмне себептен жабылып жатат, «көз карандысыз» деп эсептелген медианын өзүнүн ички жоопкерчилиги канчалык бар, бул маселеге Адиль Турдукулов кеңири токтолду.
Адиль Турдукулов Борбор Азиядагы тенденциялар жөнүндө жана салыштырма анализ жүргүздү. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандагы медиаландшафттарынын кандай айырмачылыктары бар? Турдукуловдун айтымында, региондо жалпы бир тенденция бар – цензуранын күчөшү, пропагандалык мазмундун өсүшү, аны менен кошо жаңы платформалардын жаралышы.
Аталган маселелер соцтармактардын жана блогерлердин көбөйүшү медианын классикалык форматына таасир тийгизгени, медиа бизнес моделдери кандайча өзгөрүүдө, жарнакка көз карандуулук, донорлук жардам же элдик каржылоо керекпи деген суроо коюлду.
Акырында Турдукулов көз карандысыз медианын келечеги тууралуу өз пикирин билдирди.