• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Эмомали Рахмон расмий сапары менен Москвага барат

17 Жетинин айы 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-22-ноябрь күндөрү расмий сапары менен Орусияга барып, бул өлкөнүн лидери Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги тажик президентинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазды.

Маалыматты Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да ырастады.

Рахмон менен Путин акыркы жолу октябрда Бишкекте КМШнын саммитинин алкагында жолуккан.

Эки өлкө стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Тажикстанда Орусиянын 7 миң аскери кызмат өтөгөн эң ири базасы жайгашкан. «Озоди» радиосу жазгандай, бир миллиондой тажикстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Алар Кремлдин саясий бутасына айланганын эксперттер белгилешет.

Былтыр октябрда Рахмон Путинге кайрылып, аны Тажикстанга «урмат менен мамиле кылууга» чакырган. Байкоочулар мындай ачык билдирүү Душанбенин Москванын саясатына макул эместигинен кабар берет деп чемелешкен.

Мындай нааразылыкка жана Орусияга салынган санкцияларга карабай, Орусия менен Тажикстандын соодасы өсүүдө. Тажик статистика агенттигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын январь-августунда соода жүгүртүү 1,1 млрд АКШ долларынан ашкан. 2022-жылкы ушул эле мөөнөт менен салыштырганда бул 3% көп.

Тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзоданын айтымында, Москвадан кийин Рахмон Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине катышуу үчүн Минск шаарына барат.

Количество просмотров: 70