• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Рахмон Путинге эмне каалады?

22 Бирдин айы 2024 17:26 Бишкек Govori.TV

21-февралда Казанда Тажикстан менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусу өттү.

Татарстанда Орусия, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Сербиянын президенттери жолугушууга жана “Келечек оюндары” турниринин ачылышына чогулушкан.

Расмий орус каналдары көрсөткөн видеотасмаларда Рахмон Путинге «болоттой нерв» каалаганын угууга болот.

«Сизге бардык иште ийгиликтерди, эң негизгиси чың ден соолук, болоттой нерв каалайм. Баары жакшы болот, баары жакшы болот», — деген Рахмон.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматы “Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги, айрым эл аралык жана аймактык маселелер талкууланганын” гана билдирди. Маалыматта тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогору баалап, 2023-жылдагы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүнө канааттанышканы айтылат.

Количество просмотров: 154