Орусия, Беларусь, Тажикстан жана Азербайжандын президенттери Владимир Путин, Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон жана Илхам Алиев 9-майда Москвада жолугушарын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптардын ортосунда телефон сүйлөшүүсү болуп өттү: бейформал жолугушуу өткөрүп жаткан Путин, Рахмон жана Лукашенко Алиевге телефон чалган.
«Достук баарлашуу болуп өттү, анын жүрүшүндө лидерлер мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты», — деп белгиледи Кремль.
Тараптар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар учурунда жолугушууну макулдашты.
Белгилей кетсек, январдын аягында президент Садыр Жапаров 9-майда Москвада өтө турган салтанаттуу иш-чараларга катышары белгилүү болгон.