• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эмомали Рахмон Ворухту алмашпайт

10 Чын куран 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавын алмашуу ыктымалдыгын четке какты. Бул тууралуу 9-апрелде тажик президенти Ворухка барган учурда билдирди.

Эмомали Рахмондун келишин утурлай жергиликтүү бийлик өзгөчө даярдангандай. Маалымат каражаттары кабарлагандай, президент Ворухтагы жаңы стадион менен маданий борбордун имаратын ачып, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты.

Түштөн кийин Рахмон жергиликтүү тургундардын алдында сөз сүйлөп, анклавдын тагдырына байланыштуу соңку кезде кызыгуу жараткан суроого жооп берди. Тажик президенти Ворух алмаштырылбай турганын айтты:

“Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек”.

Рахмон кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын эске салып, андан бери 100 жолу жолугушуу, сүйлөшүү өткөнүн белгиледи. Анын натыйжасында тараптар чек ара тилкелеринин 50% жакыны боюнча мунасага келишкен.

Тажик лидери чек араны тактоо тууралуу Душанбе 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептен улам бул ишти жүргүзбөгөнүн кошумчалады.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 175