• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Эмомали Рахмонду «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамынан ажыратуу сунушталды

20 Аяк оона 2022 14:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Мындан тышкары Бекешев Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүн мекен чегинде эрдик көрсөтүп мерт болгон Эламан Ураимовдун ысымына өзгөртүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарган.

Количество просмотров: 4602