• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эмомали Рахмонго каршы санкция киргизүү талабы айтылды

23 Аяк оона 202212:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Эл Аксакалдар Кеңеши, “Элдик Кеңеш Кыймылы” коомдук уюму, “ЭК:Люстрация”,
“АР НАМЫС”, “Улуу Курултай” Коомдук бирикмеси өңдүү бир катар бирикмелер Тажикстандын президент Эмомали Рахмонго каршы дүйнө коомчулугуна кайрылуу жолдошту.

Алар өз кайрылуусунда айтылгандай, 2022 жылдын 16-сентябрында Тажик Республикасынын аскерлери ачык согуш жарыялабастан, Кыргызстандын тынч жаткан элине 2021-жылы апрель айынан кийин экинчи жолу бардык курал-жарактардын түрлөрүнөн ок чыгарып кол салышты. Алардын чек ара тилкелерине жакын жайгашкан айыл-кыштактарга жана аскер гарнизондоруна кол салып, райымсыздык, мыкаачылык менен эч кандай доомат койбостон башталган согуштук кыймыл-аракеттеринин жыйынтыгында расмий маалымат боюнча 59 адам каза болуп, 150 дөн ашык жарандарыбыз жаракат алышкан. Көпчүлүгү реанимацияда жана ооруканаларда оор абалда.

«Биз дүйнөлүк коомчулукту Тажикстан Республикасынын саясий жетекчилигине карата катуу санкцияларды колдонууга, аларды эл аралык укуктун негизинде жоопкерчиликке тартууга, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга чакырабыз», — деп жазылар аксакалдардын кайрылуусунда.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштапкы эсептөөлөргө таянуу менен Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин маалымдаган. Мындан тышкары, социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.

Количество просмотров: 2752